Жаңылыктар
03.04.2026
Кароолор: 4
Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын каржылоосу менен Үч-Терек айылында заманбап спорткомплекстин курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын каржылоосу менен Үч-Терек айылында заманбап спорткомплекстин курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоордун жалпы сметалык наркы 60 млн 515 миң 220 сомду түзөт. Курулуш иштерин «Эрмек Юг ЛТД» ЖЧКсы жүргүзүп жатат.
Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 10 пайызы аткарылды. Учурда белгиленген графикке ылайык курулуш иштери улантылууда.
Бул спорткомплекс пайдаланууга берилгенден кийин айыл жаштарын спортко тартууга, ден соолукту чыңдоого жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.