, 14:29

Жаңылыктар

03.04.2026

Кароолор: 1

Саргата айылында 75 орундуу типтүү бала бакча курулууда

Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын каржылоосу менен Саргата айылында 75 орундуу типтүү бала бакчанын курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордун жалпы сметалык наркы 46 миллион сомду түзөт. Курулуш иштерин «Бек Строй Плюс» ЖЧКсы жүргүзүп жатат.

Учурда курулуш иштеринин 25 пайызы аткарылып, иштер белгиленген графикке ылайык улантылууда.

Бул бала бакча пайдаланууга берилгенден кийин айылдагы мектепке чейинки курактагы балдарды бала бакча менен камсыз кылууга жана алардын тарбия-билим алуусуна жакшы шарт түзөт.