, 06:19

Жаңылыктар

20.04.2026

Кароолор: 12

Кызыл-Ураан айылына караштуу Бегиш участкасына 1,5 га жер аянтына 700 даана көчөт тигүү иш-чарасы уюштурулду

2026-жылдын 18-апрель күнү Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураан айылынын Бегиш участкасында 
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-мартындагы №91 “Жашыл мурас” улуттук кампаниясы жөнүндө Жарлыгын аткаруунун алкагында, айлана-чөйрөнү коргоо, жашылдандыруу иштерин күчөтүү максатында, жалпы  1,5 га жер аянтына 700 даана көчөт тигүү иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чарага  Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчы-акимдин биринчи орун басары А.Асанов, Токтогул райондук статистика бөлүмүнүн башчысы К.Жуманазаров жана айыл аксакалдары,  бардык мекеме-уюмдардан 400дөн ашуун кызматкерлер катышып көчөттөрдү тигишти. Айланасы тозулуп, жергиликтүү бюджеттен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жумшалды.