, 14:28

Жаңылыктар

03.04.2026

Кароолор: 7

Үч-Терек айыл аймагына караштуу айылдардагы ички арык,каналдар тазаланууда.

Бүгүнкү күндө Үч-Терек айыл аймагында сугат мезгилине даярдык көрүү максатында ички арык-каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Аталган иштердин алкагында Саргата айылындагы Көк-Жар каналынын 2000 метр аралыгы, Жетиген айылындагы Канжыга арыгы -1450 метр, Кошой арыгы-1250 метр, Бегет арыгы-1500 метр, ошондой эле Кызыл-Ураан айылындагы КРС участкасынан Торпок сарайга чейинки ички каналдын 1000 метр аралыгы тазаланды.

Жалпысынан айыл аймагы боюнча 7200 метр ички арык-каналдар толугу менен тазаланып, сугат суусунун үзгүлтүксүз жеткирилишине шарт түзүлдү. Ал эми калган ички арыктар график боюнча тазаланууда.