, 07:49

Үч-Терек айыл аймагына караштуу коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кароолор (13)

Үч-Терек айыл өкмөтү участкалык инспекторлор менен биргеликте 2026-жылдын 17-апрелинде коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чаранын алкагында айыл аймагындагы дүкөндөргө, мекеме-уюмдарга жана башка коомдук жайларга “Тамеки тартууга болбойт” жана “Тамеки тартуучу жай” деген атайын белгилер илинип, жарандарга мыйзам талаптары кеңири түшүндүрүлдү.

Ошондой эле жарандардын ден соолугун коргоо, айлана-чөйрөнү таза сактоо жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында тамекинин зыяндуулугу тууралуу маалыматтар берилди.

Үч-Терек айыл өкмөтү жарандарды коомдук жайларда белгиленген эрежелерди сактоого чакырат жана бул багыттагы иштер мындан ары да улантыларын билдирет.