Кызыл-Ураан айылына караштуу Бегиш участкасына 1,5 га жер аянтына 700 даана көчөт тигүү иш-чарасы уюштурулду
20.04.2026
Кароолор (13)
2026-жылдын 18-апрель күнү Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураан айылынын Бегиш участкасында
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-мартындагы №91 “Жашыл мурас” улуттук кампаниясы жөнүндө Жарлыгын аткаруунун алкагында, айлана-чөйрөнү коргоо, жашылдандыруу иштерин күчөтүү максатында, жалпы 1,5 га жер аянтына 700 даана көчөт тигүү иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчы-акимдин биринчи орун басары А.Асанов, Токтогул райондук статистика бөлүмүнүн башчысы К.Жуманазаров жана айыл аксакалдары, бардык мекеме-уюмдардан 400дөн ашуун кызматкерлер катышып көчөттөрдү тигишти. Айланасы тозулуп, жергиликтүү бюджеттен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жумшалды.