, 11:31

Жаңылыктар

19.09.2023

Кароолор: 9

Кыргызстан сасык тумоого каршы 90 миң дозадан ашык вакцина сатып алды

Бул вакцина бекер жана аны каалаган адам ала алат.  

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тендер аркылуу Гриппол+ сасык тумоого каршы 90 миң 666 доза вакцина сатып алды.  

Учурда вакцина таратылып, республиканын бардык аймактарына жөнөтүлүүдө.