, 09:37

Жаңылыктар

17.11.2025

Кароолор: 72

КУЛАКТАНДЫРУУ (балык чарбасын өстүрүүгө ылайыктуу муниципалдык жерди аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн)

1. Үч-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач участогундагы 3-07-10-0032-0023 сандуу код коюлган , Курпсай суу сактагычынын жээгиндеги муниципалдык менчикте турган 1,19 га жер аянты балык өстүрүп, ишкерлик жүргүзүү үчүн аукцион аркылуу ижарага берилет.Ижара акысынын баштапкы баасы бир жылга 278415 (эки жүз жетимиш сегиз миң төрт жүз он беш ) сом.

2. Үч-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач участогундагы 3-07-10-0032-0024 сандуу код коюлган, Курпсай суу сактагычынын жээгиндеги муниципалдык менчикте турган 3010 ч/м жер аянты балык өстүрүп, ишкерлик жүргүзүү үчүн аукцион аркылуу ижарага берилет.Ижара акысынын баштапкы баасы бир жылга 144494 (жүз кырк төрт миң төрт жүз токсон төрт) сом.

     Аукционго балык чарба иштетүүгө жооп берген, уруксат кагаздары бар ишкерлер катыша алышат.Аукцион 2025-жылдын 12-декабрында Үч-Терек айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өтөт. Аукционго катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 8-декабрына чейин кабыл алынат. Сурап билүү телефону 0702454410.