, 11:35

Жаңылыктар

13.06.2025

Кароолор: 12

Гуд Нейборс бей өкмөт уюму тарабынан бир жылда бир жолу болуучу медициналык кароо акциясы 2025-жылдын 9-11-июнь күндөрү болуп өттү.

Гуд Нейборс бей өкмөт уюму тарабынан бир жылда бир жолу болуучу медициналык кароо акциясы 2025-жылдын 9-11-июнь күндөрү болуп өттү. Акцияга Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу  жалпы айылдарда мектепке чейинки балдар  атайын келген 5 врачтын медициналык кароосунан  өтүштү. Бул кароодон кийин оорусу бар балдар  Бишкек шаарына чакырылып, кошумча кароодон өткөрүлүп, дары-дармектер Гуд Нейборс уюму тарабынан  бекер берилет. Мындан сырткары калктын саламаттыгын сактоонун алдын алуу үчүн  Гуд Нейборс бей өкмөт уюму тарабынан  мите курт оорулары, витаминдер, минералдар, аз кандуулук боюнча атайын буклеттер, брошюралар  7350 даана жасатылып, жалпы 39396сомдук жашоочуларга бекер таркатылды.