Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жараксыз абалдагы түнкү шамчырактар жаңыланууда.
12.06.2025
Кароолор (11)
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Бишкек-Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 324+000 чакырымындагы жолдун жээгиндеги түнкү шам чырактар жана ошондой эле Үч-Терек айыл аймагына караштуу айылдардагы көчөлөргө орнотулган түнкү шам чырактардын күйүп, жараксыз абалдагылары жаңы сатылып алынган КОБРА маркасындагы 100ваттык түнкү шам чырактар менен алмаштырылууда. Жергиликтүү бюджеттен- 199268сом жумшалып, жалпы 132 даана прожектор, 132 даана фотореле, 400метр кабель сатып алынды. Атайын спец техника Камбар-Ата ГЭС тарабынан берилди.