, 11:41

Үч-Терек айыл аймагына караштуу Такталык-Жетиген жолунун 7 чакырым аралыгы толук шагылдандырылып бүткөрүлдү.

Кароолор (10)

Такталык айылында жайгашкан Ы.Дүйшеев атындагы башталгыч мектепте окуган жалпы 40 окуучуну  Жетиген айылында жайгашкан Б.Салаев орто мектебине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан берилген “Газель Next” мектеп автобусу менен  окуучу балдарды ташууда  ички каттамдардагы көйгөйлөрдү  болтурбоо максатында  7 чакырым аралык ички жолдор толук шагылдандырылып бүткөрүлдү. Жергиликтүү бюджеттен күйүүчү май үчүн 107 475 сом акча каражаты жумшалды.