КР Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 "Элдик курултайды өткөрүү жөнүндөгү" Жарлыкты ишке ашыруу максатында.
26.10.2023
Кароолор (7)
КР Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 "Элдик курултайды өткөрүү жөнүндөгү" Жарлыгынын негизинде, 2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлө турган Элдик курултайга өкүл шайлоо үчүн Үч-Терек айыл аймагына караштуу 5 айылда тактап айтканда, 2023-жылдын 24-октябрында саат 10.00до Үч -Терек айылдык маданият үйүндө, саат 14.00до Саргата айылдык клубунда, саат 16.00до Такталык айылында жана 25-октябрда саат 10.00до Кызыл-Ураан айылында, саат 14.00до Жетиген айылында чогулуштар өткөрүлүп, жалпы айыл аймак боюнча 100адам жергиликтүү жыйынга шайланды.Буйруса 2023-жылдын 18-ноябрында Жергиликтүү жыйында айыл өкмөт боюнча шайланган аталган адамдар Элдик курултайга 1адамды өкүл кылып шайлайт.