, 11:42

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасы тарабынан 2024-жыл ичинде жалпы Үч-Терек айыл өкмөтүнөн 6 долбоор колдоо таап, 5 долбоор толук кандуу ишке ашты.

Кароолор (25)

  1. Саргата айылында жайгашкан  №30 К.Токторалиев орто мектебинин карамагындагы 30 сотых эскилиги жеткен алма багынан 80даана куураган алма бактарды кыюу жана 100даана жаңы заманбап алма бактарды отургузуу, айланасын темир тор менен королоо, профил стойкаларын орнотуу, үч катар тикенек зым менен бекемдөө. (30сотых, узуну-100м, туурасы-30м) добоору, катышуучулардын саны-12 адам, 150$ акчалай каражат алышты. БУУ ДАТП-155610сом, жергиликтүү бюджеттен-213880сом, калктын салымы-25000сом,

Жалпы долбордун наркы:  394490сомдук инвестиция тартылды.

   2. Саргата айылынын борбордук О.Кодиков  көчөсүндө курулган суу өткөрүүчү курулмалардын суу өткөрүмдүүлүктөрүн кеңейтүү, кырсыктын алдын алып болтурбоо жана экономикалык чыгымдарга жол бербөө максатында сел сууларды өткөрүүчү ички чарбалык  көпүрөлөрдү куруу долбоору. (8 даана шакекчелерди орнотуу) жана Ысырык булак жайыт жерине капташ куруу.(узуну-80метр, туурасы-30см, бийиктиги-80см) 50лүк полиэтилен шлангасы менен суу тартып келүү, ноо куруу.долбоору.

80% аткарылды Токтогул райондук өнүктүрүү фонду тарабынан көпүрөнүн курулуш материалдары үчүн 159600сом, Ысырык булак жайыт жерине ноо куруу үчүн Жайыт комитетинен -42000сом акча каражаты жумшалды, БУУ ДАТП тарабынан 8 адам, 6 кап ун, 30 литрден май-112800сомдук азык-түлүк берилет.

Жалпы долбордун наркы:  314400 сомдук инвестиция тартылды.

 

3. Саргата айылынын Атабай, Куу Карагай жайлоосуна баруучу жолго унаа өтүүчү көпүрө куруу долбоору.(узуну-8м, туурасы-3м) Саргата айылынын Б.Өмүрканов көчөсүнүн  баш жагына көпүрө куруу. (узуну-6м, туурасы-4м)

Жайыт комитети тарабынан-149840 сом, жергиликтүү бюджеттен-192700сом, БУУ ДАТП тарабынан 302400сом акча каражаты жумшалды.Долбоордун катышуучуларынын саны-14 адам.

Жалпы долбордун наркы:  644940 сомдук инвестиция тартылды.

 

4. Жетиген  айылына Раскол (мал дарылоочу жай) куруу долбоору. (Узуну-15м, туурасы-20м) куруу долбоору толук канду бүттү. Жайыт комитети тарабынан-180050сомго курулуш материалдары сатып алынды, жакынкы күндөрү 12адам, БУУ ДАТП тарабынан 6 кап, 30литрден май алуу алдында турушат. БУУ ДАТП-169200сом

Жалпы долбордун наркы:  349250 сомдук инвестиция тартылды.

 

5. Үч-Терек айылында  жайгашкан №15 Сатымбүбү Апа балдар бакчасына 200метр аралыктан диаметри 20лык  полиэтилен шлангасы менен таза суу түтүкчөсүн тартып келүү, 6 даана заманбап ажаткана жана бийиктиги-6метр, туурасы-1,5метр болгон септик куруу долбоору, Жергиликтүү бюджет-240350сом, Гуд Нейборс-250000сом, БУУ ДАТП-176400сом,14 адам жумуш менен камсыз болушту.

Жалпы долбордун наркы: 666750 сомдук инвестиция тартылды.